• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Денеде пайда болгон шишиктин алдын алуу жолдору

Дүр дүйнө 0

Көпчүлүк адамдар денесинде күтүлбөгөн жерден пайда болгон тактын же жараттын эмне себептен пайда болорун билбей келишет.

Мисалы, буттун шишиши, аллергиянын пайда болушу гармондун туура эмес иштеши көп учурда кооптонууну жаратат. Бул макалада мындай оорунун кантип жана кандай учурда пайда болорун, андан кантип сактануу керектигин айтып беребиз.

Туз

Көбүнчө орто жаштагы адамдардын ийининде же бутуна туз чогула баштайт. Кийинчерээк ал чоң ооруга айланат. Сиз бул оорунун алдын алгыңыз келсе, туздуу тамак-аштарды өлчөмү менен жеңиз. Эгер ашыкча туздуу тамакты жеп алсаңыз, сууну көбүрөөк ичиңиз. Күнүнө туздуу тамакты керектеген кезде болжол менен 5 грамм же 1 кашык туз жеген болосуз. Дарыгерлер көбүнчө йоддолгон тузду колдонууга кеңеш беришет.

Аллергия

Денеңизде кызыл тактар пайда боло баштаса, демек аллергия дегенди билдирет. Аллергия - көп учурда химиялык заттардан же организмиңизге жакпаган тамак-аштан пайда болот. Бул жагымсыз дарт бетиңизге чыгып баштаса, анда сизге тез арада дарыгердин жардамы керек болот. Анткени, аллергия татаалдашып кетсе ооруп калышыңыз мүмкүн. Ошондой эле, аллергия бир гана дененин кызаруусу эмес. Кээ бир адамдарда жай мезгилинде же күзүндө сасык тумоого окшош аллергия пайда болот, ошол учурда убактылуу дарыланып турганыңыз туура.

Заара оорусу

Көзүңүздүн асты көгөрүп шишип калса, анда сизге бөйрөгүңүздү дарылатуу керек. Көпчүлүк учурда бөйрөк оорусу – бөйрөк кальцификациясынын натыйжасында же заара кальций туздарынын, заара кычкылынын, цистин, трипельфосфат же магний-аммоний-кальций-фосфат туздары криссталлдашып, тунуп калуунун натыйжасында пайда болот. Мындай учурда нефролог дарыгерине көрүнүп, атайын диета кармаганыңыз оң болот.

Жүрөк оорусу

Буттарыңыз аябай шишип кетсе, анда ал жүрөгүңүздө маселе бар дегенди билдирет. Бул көпчүлүк учурда ар кандай оорулардын татаалдашуусунан же жүрөк жана кан тамыр системасынын иши бузулуусу менен зыян тартуусунан пайда болгон оорулар. Жүрөк ооруларынын көп кездешкен түрлөрү: ревматизм, гипертония, жүрөк кемтиги, жүрөк кысылуу, жүрөк жана кан тамыр неврозу, миокард инфаркты, гипотония. Ошондуктан, жүрөк оорусун өз алдынча дарылайм деп ойлобоңуз. Атайын кардиолог адисине барып кайрылганыңыз жакшы.

Ар кандай дарылардын таасири

Башыңыз же башка да жериңиз ооруса дарыгердин уруксаты жок дары кабыл албаңыз. Себеби, дарыга көз каранды болуп калышыңыз мүмкүн. Ар түрдүү дарылар сиздин организмиңизге, бет терисине жана көптөгөн ооруларга алып келиши мүмкүн. Көпчүлүк учурларда дарыгер менен кеңешип, ийнеменен дарыланыңыз.

Теринин кургашы

Теринин кургашы – организмиңизде нымдуулуктун, башкача айтканда суунун жетишсиздигинен болот. Денеңизде суунун курамы жетишсиз болсо, анда териңиз гана кургап тим болбой, ички организмиңиздин да демейдеги иши өзгөрөт. Күнүнө жок дегенде 1,5 литр суу ичүү керек. Минералдык, алкоголдук жана газдалган суулардан баш тартыңыз. Сууну өлчөмү менен гана ичүү керек. Аны ашыкча ичсеңиз, денеңиз шишип кетиши мүмкүн. Ошондуктан, белгиленген эрежелерди эсиңизде сактап жүрүңүз.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий