• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Дени сак эне – дени сак улут”: Баткенде спорттук фестиваль өтүүдө

Спорт 0

Бишкек, 19.12.19. /Кабар/. Баткенде кыз-келиндер арасында “Дени сак эне – дени сак улут” урааны астында спорттук фестиваль өтүүдө. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Фестивалды аталган агенттик Кыргызстандын Кыздар футбол лигасы менен биргеликте өткөрүп жатат.

"Элеттик аялдарды спортко кызыктыруу максатында спорттук фестиваль башталды. 15-декабрда Нарында башталган өнөктүк Ысык-Көлдө уланып, 19-декабрда Баткенде уюштурулууда", - деп айтылат маалыматта.

Иш-чаранын алкагындагы таймаштар спорттун бир канча түрүнөн өтүүдө. Ошондой эле дарыгерлер спорттун аялдарга пайдасы тууралуу кеп-кеңеш беришет.

Фестиваль бүт аймактарда уюштурулуп, 24-декабрда Таласта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий