• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“ДениCакОюндар” онлайн-мелдеши жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 03.12.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министрлиги БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (ДАП) жана Россиянын колдоосу, Тармактык тамактануу институтунун (SIFI) жардамы менен ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасындагы мектеп тамак-аш программасы тарабынан уюштурулган “ДениСакОюндар” онлайн-мелдеши жыйынтыкталды.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Instagram жана Facebook социалдык тармактарында активдүү катышуучулар #ДениCакОюндар хэштеги менен 46 пост жарыялашкан. 36 пост мелдештин шарттарын аткарып, random.org сайтынан жеңүүчүлөрдү кокустук менен тандап алууга кабыл алынган.

Жеңүүчүлөр:

1-орун: Гүлназ Урманбетова.

Белектер: спорттук шаймандардын топтому (футболдук топ, нейроскопиялык аркан, балдарга боулинг оюнчуктар).

2-орун: Назгүл Турусбекова.

Белектер: футболдук топ жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын сувенирлери.

3-орун: Гүлнур Жапарова.

Белек: твистер-оюн.

Мектептерде ысык тамак уюштуруу Программасы 2013-жылдан бери ишке ашырып келе жатат. Бул убактын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерде туруктуу, натыйжалуу ысык тамак уюштуруунун моделин иштеп чыгууга жетишти. Бул модель азыркы учурда Өкмөт тарабынан мектептерге акырындан киргизилип жатат.

Программанын алкагында окуучулар ар бир окуу күнүндө ысык тамак (сорпо же ботко), жаңы бышырылган таттуу токоч жешет жана компот ичишет. Мектептердин ашканалары заманбап жабдуулар менен жабдылган. Ал эми ашканада иштеген ашпозчулар үчүн кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча тренингдер өткөрүлүп турат.

Бүгүн 1485 мектепте 200 миңден ашуун башталгыч класстардын окуучуларына берилген булочка менен чай акысыз ысык тамакка алмаштырылды.

2023-жылга карата бардык мектептерди балансташтырылган ар түрдүү ысык тамак берүүгө өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий