• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова сууда сүзүү боюнча Азия биринчилигинде медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. Сууда сүзүү боюнча Кыргызстандын курамасы Индияда өтүп жаткан Азия биринчилигинде ийгилик көрсөтүштү. Бул тууралуу аталган спорт федерациясынан билдиришти.

Турнир Индиянын Банголор шаарында өтүп жатат. Ага Азия континентиндеги 35 өлкөнүн спортчулары катышууда.

Мелдештин алгачкы күнүндө кыргызстандык спортчулар 2 күмүш жана бир коло медаль багындырышты.

Сууда 100 метр аралыкка сүзүүнүн брасс түрү боюнча Денис Петрашов күмүш байгеге татыды. Ал эми, Елизавета Рогожникова 50 метр аралыкка далы менен сүзүп, күмүш медалды утуп алды. Анын убактысы 30,2 секунд болуп, Кыргызстандын рекордун жаңылады. Рогожникова 200 метр аралыкка комплекстүү сүзүүдө үчүнчү орунга илинген.

Кирил Вайс брасс түрүнүн 100 метр аралыкка сүзүүдө төртүнчү орунга, Владислав Шулико 200 метр аралыкка комплекстүү сүзүүдө сегизинчи, Теңгиз Тюбеев өспүрүмдөр арасында 50 метр аралыкка далы менен сүзүүдө тогузунчу, Рамазан Омаров өспүрүмдөр арасында 200 метр аралыкка эркин сүзүүдө он биринчи орунга татыган.

Пикир

Оставить комментарий