• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Дагы бир алтын. Денис Петрашов Ислам шериктештиги оюндарында үчүнчү медалын утту

Спорт 0

Бишкек, 16.08.22. /Кабар/. Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Түркияда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында улуттук кураманын капчыгына үчүнчү медалын алып келди.

Суучул бүгүн брасс боюнча 100 метр аралыкка сүзүүдө алтын медаль утту. Анын жыйынтыгы 1 мүнөт 0,54 секунд болду.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов буга чейин брасс боюнча 50 жана 200 метр аралыкта коло медалдардын ээси болгон.

Пикир

Оставить комментарий