• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Денис Петрашов Парижде сүзүү боюнча өткөн турнирде эки коло утту

Спорт 0

Бишкек, 12.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык спортчу Денис Петрашов Францияда өткөн престиждүү эл аралык сүзүү боюнча турнирде эки коло утту. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР жеткинчектер курамасынын ага машыктыруучусу Юрий Захаров билдирди.

Анын айтымында, Golden Tour FFN Camille Muffat Paris 2018 8нен 11-март күндөрү Парижде өткөн. Ага 25 өлкөдөн келген дээрлик бир миңге жакын мыкты сүзүүчүлөр катышкан.

Мелдешке Кыргызстандын атынан кураманын лидерлери катышкан: Денис Петрашов, Елизавета Рогожникова, Азиз Сансызбаев, Владислав Шулико, Темирлан Каратаев.

Эл аралык класстагы спорттун мастери Денис Петрашов эркектер арасындагы 100 м жана 200 м аралыкта эки коло медаль уткан.

Рогожникова Елизавета 200 м аралык боюнча 6-орунга ээ болуп, Кыргызстанда жаңы рекорд койду - 2.23.40.

Пикир

Оставить комментарий