• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Денис Петрашов Россияда өтө турган сүзүү боюнча чемпионатка катышат

Спорт 0

Бишкек, 11.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын сүзүү боюнча курамасынын мүчөсү Денис Петрашов чет элдик спортчулардын катышуусунда Россияда өтө турган сүзүү боюнча чемпионатка катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чемпионат 22нен 25-апрель күндөрү Москвада “Олимпийский” спорт комплексинин бассейнинде болот.

Спортчунун катышуусу үчүн спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциясынан 461 000 сом бөлүнгөн.

Учурда Денис Петрашов 2нен 19-апрель аралыгында Анталияда (Түркия) окуу-машыгуудан өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий