• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адам кармалды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.07.18. /Кабар/. Казакстанда сот белгилүү көркөм муз тебүү чебери Денис Тендин өлүмүнө шектелген үчүнчү адамдын бөгөт чарасын карап, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Марат Ахметжановго шилтеме кылып жазышты.

«Бул кылмышка шектелип үч адам кармалды. Жетиштүү далилдер топтолду. Алардын мыйзамдуу экенин азыр прокурорлор текшерип жатышат. Сот шектүүлөрдүн бөгөт чарасын карап, камакка алуу чечимин чыгарды. Үчүнчү адам кылмыш тууралуу билип туруп кабарлабагандыгы үчүн кармалды», — деп билдирди Ахметжанов.

Ал үчүнчү шектүүнүн аты-жөнүн айткан жок.

Бирок жергиликтүү маалымат агенттиктери Алматынын Алмалы райондук сотуна бул иш боюнча үчүнчү шектүү катары кармалган Жанар Толыбаеваны эки айга камоо тууралуу өтүнүч келип түшкөнүн кабарлашты. Informburo сайтынын маалыматына караганда, сот Толыбаевага карата эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Буга чейин кармалган эки шектүү күнөөлөрүн моюндарына алып көрсөтмө беришкен.

19-июлда Денис Тенге анын автоунаасынын күзгүсүн уурдагысы келген белгисиз эки адам кол салган. Кармаш учурунда кылмышкерлер ага бычак сайып кетишкен. Спортчу үч литрге жакын кан жоготуп, ооруканада көз жумган.

25 жаштагы Тен – 2013-жылкы дүйнө биринчилигинде жана Сочиде өткөн кышкы Олимпиада оюндарында байгелерге ээ болгон. Ошондой эле ал эркектер арасында жалгыз көркөм муз тебүү боюнча Казакстандын беш жолку чемпиону.

Пикир

Оставить комментарий