• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депозиттерди коргоо фондунун капиталы 4,9 млрд сомдон ашты

Экономика 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. 2023-жылдын 1-апрелине карата Депозиттерди коргоо фонду 4 млрд 947,1 млн сом суммасында түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Депозиттерди коргоо агенттигинин аткаруучу директору Кадырбек Букуев билдирди.

Ал түшүндүргөндөй, бул каражаттар аманатчылардын депозиттик эсеби болгон финансы-кредит мекемеси банкрот болгон учурда аларга компенсация төлөп берүүгө багытталган.

"Депозиттерди коргоо фонду катышуучу банктардын, катышуучу микрофинансылык компаниялардын, депозиттерди коргоо системасына катышкан турак жай жана аманат кредиттик компанияларынын төгүмдөрүнүн, мамлекеттик төгүмдөрдүн, жоюлган банктын каражаттарынан, агенттиктин бош акча каражаттарын жайгаштыруудан алынган пайыздык жана инвестициялык кирешелеринин эсебинен түзүлөт", - деди ал.

Депозиттерди коргоо системасына төмөнкүлөр кирет:

- жеке адамдардын мөөнөттүү депозиттери жана талап боюнча төлөнүүчү депозиттери, анын ичинде, учурдагы эсептер;

- эмгек акы боюнча эсептер, акча которууларды, пенсияларды, стипендияларды жана пособиелерди алуу үчүн эсептер;

- жеке ишкерлердин эсептешүү жана депозиттик эсептериндеги каражаттар

Мында, депозиттердин чет өлкө валютасындагы суммалары аманатчыга улуттук валютада Улуттук банктын эсептик чен боюнча кепилдик учуру болгон күнү төлөнөт.

Аманатчынын депозити бар бир нече банк-катышуучу банктарга, микрофинансылык компанияларга карата кепилдик учуру болгон учурда, ал компенсацияны ар бир банктан же микрофинансылык компаниядан өзүнчө алууга укуктуу.

Пикир

Оставить комментарий