• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Америкалык окумуштуулар депрессиядан арылуунун эң жеңил ыкмасын айтышты

Коом 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Американын Массачусетс шаарындагы оорукананын дарыгери депрессиянын алдын алуу жана аны дарылоонун оңой жолун айтты. Дарыгер Дэвид Агустун айтымында, депрессиядан арылуу үчүн күнүнө 15 мүнөт чуркоо жетиштүү, деп жазат Daily Mail гезити.

Маалыматка ылайык, дарыгерлер 600 миңден ашык адамдын ден-соолугуна көз салып, изилдөө өткөрүлгөн. Анын жыйынтыгы боюнча, ар кандай спорт менен машыгып же чуркап турган адамдар психикалык жактан сейрек ооруйт.

Ошол себептен Дэвид Агуст ага кайрылган адамдарга дары жазып берердин алдында сыртка чыгып кандайдыр бир көнүгүүлөрдү жасап келүүнү сунуштайт.

Дарыгерлердин кеңеши: кыймылдап, кандайдыр бир көнүгүүнү жасап туруш керек.

Пикир

Оставить комментарий