• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: 10-12 миң сом алган мугалимдерден балдардын билим сапатын талап кыла албайбыз

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеште Бюджет жана финансы боюнча комитеттин кеңейтилген жыйыны өтүп жатат. Анда “Кыргыз Республикасынын 2019-жылга карата бюджети жана 2020-2021-жылдарга карата болжолу жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Тармактык комитеттин кеңейтилген жыйынында КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баштаган Өкмөт өкүлдөрү катышып жатат.

Өкмөт башчы М.Абылгазиев аталган мыйзам долбоору республикалык бюджеттин узак мөөнөткө туруктуу болушун камсыздоо жана бюджеттик процессти натыйжалуу башкаруу максатында иштелип чыккандыгын баса белгиледи.

Суроо-жооптун жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов ички карыздын көбөйүшү дагы коркунучтуу жагдай экендигин баса белгилеп, Өкмөт башчыга аны азайтуунун үстүндө иш алпарууну сунуш кылды.

2019-жылдын республикалык бюджетинин киреше жагына пайдалуу боло турган эмне иштер жасалып жаткандыгына кызыккан депутат Иса Өмүркулов “Улуттук энергохолдинг” компаниясын жоюуну талап кылды. Эл өкүлү мындай билдирүүсүн “Улуттук энергохолдинг” электр станциялары боюнча акционердик коомдорго, алардын каржылык иштерине киршип, башкарып жаткандыгы менен түшүндүрдү. Мындай пикирди улаган депутат Таалайбек Масабиров кирешелүү тармак болгон энерго сектордо эч кандай жылыш болбой жаткандыгын айтты.

“Келечекте билим берүү тармагын көтөрбөсөк, эч өнүкпөйбүз”,- деген депутат Абдувахаб Нурбаев 10-12 миң сом алган мугалимдерден балдардын билим сапатын талап кыла албайбыз дейт. Эл өкүлү Чүй районундагы акча чогултуу фактыларын токтолуп, райондук билим берүү, шаардык билим берүү бөлүмдөрүн жоюу керек деген ою менен бөлүштү. Ошондой эле А.Нурбаев мугалимдердин ой-пикирлерин укпай туруп, ар кандай уюшуп алган топтор окуу китептерин чыгарып жаткандыгына дагы көңүл буруп: “2019-жылы мугалимдердин айлыгын сөзсүз көтөрүүбүз керек”,- дейт. КР Конституциясында билим алуу бекер деп белгиленгендигине токтолгон Премьер-министр М.Абылгазиев: “Өкмөт Башмыйзамдын талабын аткарууга жетишебиз. Муну мамлекет өз мойнуна алышы зарыл. Акча чогултуу дегенди токтотуп, 2019-жылы мугалимдердин айлыгын көтөрүүнүн үстүндө иш алпарабыз”,- дейт.

Депутат Төрөбай Зулпукаров канчалаган инвесторлор келгени менен “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” мыйзамдын негизинде иштер аткарылбай жаткандыгын сынга алды.

Учурда суроо-жооп уланууда.

Пикир

Оставить комментарий