• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат А.Өмүрбекова “Коопсуз шаар” долбоору эмне болгонуна кызыкты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Алтынай Өмүрбекова бүгүн парламенттин жыйынында “Коопсуз шаар” долбоорунун эмне болгонуна кызыкты.

Анын айтымында, айланып өтмө жолдо жол кырсыгынан беш адам каза болду. “Бүгүн түнү дагы кырсык катталды. Жолдордо кырсыктар кайталанып жатат. Кандайдыр бир чара көрүү керек. “Коопсуз шаар” долбоору боюнча көп сөздөр айтылган, бирок азыр тынчып калдык. Мен ушул маселени парламенттин жыйынында көтөрөлү деп сунуштайт элем. “Коопсуз шаар” долбоору эмне болгондугу тууралуу маалымат бериңиздерчи. Бул долбоорду ишке ашырууга болобу же жокпу”,-деп кызыкты А.Өмүрбекова.

Мындан тышкары, ал жолдордогу коопсуздук маселесин өзүнчө кароо зарыл деп белгиледи. Азыр жолдордо кырсыктар көп, айдоочулар маданиятсыз жана коопкерчиликсиз болуп кетишти. “Айдоочулар керек болсо жол жээгинде турган милиция кызматкерлерине дагы баш ийишпейт. Бул көйгөйдү чечиш керек. Ошондой эле, айланып өтмө жолдорго жана чоң трассаларга байкоочу камераларды орнотуу маселесин кароо зарыл”,-деди эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий