• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ноокатта Улуу Жеңиштин урматына кыргыз күрөшү боюнча мелдеш өттү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 11-май /Кабар/. Ноокат районундагы “Сахаба” эс алуу багында 9-май күнү Жогорку Кенештин “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов Улуу Ата Мекендик согуштагы Улуу Жеңиш майрамынын урматына онунчу жолу кыргыз күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өткөрдү. Бул тууралуу аталган фракциянын катчылыгы билдирди.

Кыргыз күрөшү боюнча чемпиондук наамга ат салышуу үчүн өлкөбүздүн баардык аймактарынан, ошондой эле коңшу мамлекеттерден балбандар келишти. Мелдешке 80 килограмм салмакка чейин жана 80 килограммдан ашык салмактагылар болуп, жалпысы 500дөй балбан катышты.

Улуу Жеңиш күнүнүн урматына арналган иш-чарага келген эл нечендеген балбандардын кызуу күрөштөрүнө күбө болуп, чер жазышты. Депутат Алтынбек Сулайманов чогулган элди 9-май – Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап: “Улуу Жеңиш күнү – элибиздин эрдигин, биримдигин даңктаган өзгөчө мааниге ээ майрам. Аталардын урматына ушул күнү мелдеш уюштуруу менен, алардын эрдигине таазим кылып, келечек муунду мекенчил болууга тарбиялайбыз!” –деп белгиледи.

Бир күн бою уланган мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталды. Жеңүүчүлөр жана алдыңкы орундарды алгандар дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Байге фонду жалпы 1000000 (бир миллион) сомду түздү.

Пикир

Оставить комментарий