• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Абылгазиевди ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди колдоого чакырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 20.04.18. /Кабар/. Өкмөттүн жаңы курамы бекитилген шартта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялоо мүмкүнчүлүгү кайрадан каралат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитүү боюнча жыйынында премьер-министрликке талапкер Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары тууралуу суроо депутат Дастан Бекешев тарабынан көтөрүлүп, ага Абылгазиев социалдык камсыздоо тутумунда көп жыл иштегенин жана төмөн жөлөкпулдардын көйгөйүн билерин айтты.

“Мен социалдык камсыздоо тутумунда көп жыл иштедим жана бул маселени жакшы билем. Биз ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга камкордук көрсөтүшүбүз керек. Алар 700 сомдон албастан, жакшы жашоо татыктуу деп эсептейм”, - деп жооп берди талапкер.

Ал мүмкүнчүлүгү чектелгендердин укуктары жөнүндө Конвенцияны ратификациялай тургандыгы жөнүндө суроого бул маселе кайра каралып, кабыл алынышы мүмкүн экенин айтты.

Эскерте кетсек, Конвенцияны ратификациялоо анын ишке ашырууга каражаттардын жетишсиздигине байланыштуу белгисиз мөөнөттөргө жылдырылып келген.

Пикир

Оставить комментарий