• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Айнура Аскарова: “Конуштарды газдаштыруу өнөктүгүн колдоо зарыл”

Коом 0

Бишкек, 13.02.20. /Кабар/. Бишкек шаарынын абасы нормадан тыш кир экени байма-бай көтөрүлүүдө. Буга себеп катары унаалардын көптүгү жана калаа четиндеги конуштардын арбын жайгашкандыгы айтылууда. Анткени, ал жактагы тургундар үйлөрүн от жагуу менен ысытууга мажбур. Бул тууралуу депутат Айнура Аскарова Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Көйгөйдү азайтуу максатында конуштарды газдаштыруу чаралары башталган. Бирок, өнөктүк жай жүрүүдө. Анын негизги себеби, үйгө газ киргизүүнүн кымбаттыгы. Баа саясаты көзөмөлдөнбөгөндүктөн бир үйгө газ киргизүү 80-100 миң сомго чейин жетүүдө. Конуш тургундары үчүн бул чоң каражат. Андыктан, Өкмөт муну көзөмөлгө алып, конуштарды газдаштыруу өнөктүгүн колдошу керек”, – деди депутат Айнура Аскарова.

Пикир

Оставить комментарий