• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Депутат айрым салыктык жеӊилдиктерди алып салууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 25-май /Кабар/. Экономика министрлиги ушу тапта салык жана текшерүү органдары менен бирге салыктык жана бажылык жеӊилдиктерди инвентаризациялоо жумуштарын жасоодо. Анын жыйынтыгы боюнча тийиштүү чаралар көрүлөт. Бул тууралуу каржы министри Адылбек Касымалиев Жогорку Кеӊеште Кыргыз Республикасынын 2017-жылдагы республикалык бюджетинин учурдагы аткарылышы жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди. “Биз айрым салыктык жана бажылык жеӊилдиктерди алып салуу сунушун колдойбуз. Мен өзүм дагы ага макулмун”, - дейт ал.

Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматында, андан тышкары, жаӊы Бюджеттик резолюция долбоорунда да мурда берилген салыктык жана бажылык жеӊилдиктерге инвентаризациялоо жүргүзүү чарасы каралганы белгилүү болду. “Мурда эле ушундай кылыш керек болчу. Өкмөт анын жүрүшүн көзөмөлгө алышы керек. Көп субъектилерге жеӊилдик берилген, андан кандай натыйжа алдык? Эч кандай оӊ натыйжа берген жок! Тескерисинче, биз аргандай салыктык жана бажылык жеӊилдиктерди бере бергенибиздин айынан миллиарддаган бюджеттик каражатты жоготуп алдык”, - деди депутат Айнуру Алтыбаева.

Пикир

Оставить комментарий