• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Назаров: Сугат суу тармагына бирдиктүү саясат керек

Аймак 0

Бишкек. 29.04.19 /Кабар/. Ош облусунда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында уланып, депутаттар чарбалар аралык жана ички чарбалык каналдардын абалы менен таанышууда.

Эскерте кетсек, тармактык комитеттин көчмө жыйынына Жогорку Кеңештин депутаттары Айтмамат Назаров, Гульнара-Клара Самат, Алмазбек Акматов, айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары орун басары Жаныбек Керималиев, каржы министринин орун басары Мирлан Байгончоков, Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев, ошондой эле жергиликтүү бийлик жетекчилери катышууда.

Суу чарба жана мелиорация департаментинин директору Көкүмбек Таштаналиев каналдардын абалы менен тааныштырып жатып, оңдоп-түзөө маселесинде каржылык колдоо зарылчылыгына токтолду.

Ал эми Суу пайдалануучулар ассоциациясынын өкүлдөрү каналдарды 2004-жылдан бери реабилитациялоо үчүн алынган насыяларды төлөө дыйкандар үчүн оорчулук жаратып жатканын белгилеп, насыялардын пайызын азайтууга же төлөө мөөнөтүн узартууга көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Ошондой эле өлкөдөгү суу каналдарын бир мекеменин карамагына киргизүү керектигин да кошумчалашты. Анткени, азыркы тапта жалпы Кыргызстан боюнча 27 000 километрдей суу каналы болсо, анын 5000 километри Суу чарба жана мелиорация департаментине, калганы Суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагында.

Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасы Айтмамат Назаров өлкөдөгү сугат суу маселеси өтө курч экенин белгилеп: “Аларды чечүү үчүн тиешелүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү менен бирдиктүү саясатты калыптандыруу зарылчыл”, – деди.

Белгилей кетсек, бүгүн, 29-апрелде Ош облусунда Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий