• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат: Айыл жергесиндеги алгылыктуу демилгелер колдоого алынса

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 15.11.18. /Кабар/. Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынындагы “Ар кыл маселелер” саатында эл өкүлдөрү шайлоочулар койгон маселелерди аткаруу бийлигине табышташты.

Депутат Абылкайыр Узакбаев Жети-Өгүз районундагы Кичи-Жаргылчак айылында бала бакча куруу үчүн документтер даярдалып, жер тилкеси бөлүнүп берилгендигин айтып, келерки жылдын бюджетине бала бакча курууну киргизүүнү өкмөткө жолдоду.

Ал эми Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылында курулушу эчак башталган бала бакча дале бүтпөй жаткандыгын депутат Бакирдин Субанбеков айтып чыкты.

Депутат Бактыбек Райымкулов Бишкек – Кара-Балта авто жолунун салынышына, сапатына токтолуп, жол курулушу өз мөөнөтүндө бүтөбү деген маселени кабыргасынан койду. Ошонжой эле депутат Жайыл-Панфилов райондорундагы ички жолдордун абалын дагы Өкмөткө багыттады.

Депутат Аида Касымалиева Өзгөн районундагы Куршаб ооруканасынын бөлүмдөрү чачыранды жайгашкандыгын, алар фин тибинде жыгачтан салынганын белгилеп, бул өрөөнгө жаңы комплекстүү оорукана куруу зарылдыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий