• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат айымдардын форуму Баткенге гуманитардык жардам жиберет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 02.05.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутат айымдар форуму Баткен облусунун жергиликтүү калкы үчүн гуманитардык жардам жиберет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Учурда ошондой эле чек арадагы чыр-чатактын жүрүшүндө жарат алгандар жаткан Бишкектеги ооруканаларга зарыл болгон медициналык дары-дармектердин тизмеси такталууда. Андан соң дарылар сатып алынып, медициналык мекемелерге берилет.

“Биз, депутат айымдар тынчтыкты жана ынтымакты жактайбыз, эл менен бирге болуп, бардык аракетибизди кырдаалдын батыраак жөнгө салынуусу үчүн жумшайбыз. Жарандардын коопсуздугу баарынан жогору, биз тараптарды сабырдуулука чакырабыз”,- деп айтылат форумдун билдирүүсүндө.

Пикир

Оставить комментарий