• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Ак калпак күнүн бир жума майрамдоону сунуштоодо

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеңештин жыйынында Ак калпак күнүн бир жума майрамдоону сунуштады.

Анын айтымында, ата-бабалардан таберик калган улуттук баалуулугубуз ак калпакты майрам күнү эле эмес, дайым кийип жүрүш керек.

"Ак калпакты бир күнү эле белгилебей, аны Ак калпак аптасы катары жарыяласак жакшы болмок. Ак калпак аптасын мыйзамдаштырып, күндү аптага которуп берсек, бара-бара жаштарды ак калпакты такай кийип жүрүүгө көндүрүп алмакпыз. Мына ушул маселени чогуу ойлонуп көрүшүбүз керек", - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий