• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Акаев: Чет элдик жарандар айына 1000 сомго патент алып иштеши керек

Коом 0

Бишкек, 13.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандар айына 500 же 1000 сомго патент алып иштеши керек. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев парламенттин жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, мындай чара бюджетке чоң каражат алып келет.

Акаев миграция жаатында олутту проблема пайда болгонуна токтолуп, миллионго жакын кыргызы жараны чет өлкөдө иштеп жүргөнүн эске салды.

"Алардын ордун кошуна өлкөнүн жарандары басып атат. Арзан күч катары. Мурда Ош, Жалал-Абадды арзан күч каптаса, азыр Бишкек эле эмес, Талас, Нарын, Чүйдөн бери каптады", - деди депутат.

Депутаттын пикиринде, тигүү, курулуш тармагында иштеген кыргыз жарандарын жумуш берүүчүлөр бошотуп, кошуна өлкөнүн арзан күчүн алууда.

"Сен 15 миң айлык алсаң, алар 6 миң эле алат экен деп жумуштан бошотуп коет. Биздин жарандар анан айла жок Россияга, Казакстанга жумуш издеп кетип атат", - деп кошумчалады Акаев.

"Кыргыз мигранттары мекенине жылына 2 млрд ашык акча которот деп айтабыз. Бирок которулган акчаны кошуна өлкөнүн жарандары алып чыгып кетип атпайбы. Валюта чыгып кетип кетүүдө. Мунун себеби, алар патент алып иштебей жатат. Ушул мыйзамды өзгөртүш керек", - деди эл өкүлү.

"Өкмөт кошуна өлкөнүн жарандары Кыргызстанга келип, айына 500 же 1000 сомго патент алып иштей турган кылышы керек. Жылына бюджетке миллиардга жакын акча түшөт. Бул бюджетке чоң салым. Азыр ал акча түшпөй атат", - деди Акаев.

"Азыр чет элдик мигранттар патент төлөбөй, бюджетке салымы жок. Алар ИИМдин 10-бөлүмдүн кызматкерлерин байытып атат. Алар төлөгөн акча сол чөнтөккө кетип жатат. 10 миңдеген жарандар келип атканда, ошолорду бир системага салып, бюджетке түздөн түз түшө турган кылбаса болбойт", – деди Акаев.

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов 10-бөлүм азыр эч кандай жумуш аткарган жок, мыйзам кабыл алынгандан кийин иштеп баштайт, - деп билдирди.

"Ирээтке келтирүү боюнча, мен сизди толугу менен колдойм. Тиешелүү министрликтер мыйзамга өзгөртүү киргизиши керек. Бул өзүбүздүн жарадарыбыздын кызыкчылыгы үчүн керек", – деди Курсан Асанов.

Пикир

Оставить комментарий