• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ЖК депутаты ЖККУга мүчө мамлекеттердин парламенттик комитеттеринин башчыларынын отурумуна катышты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.02.22. /Кабар/. Кечээ, 9-февралда Москва шаарында алгачкы ирет Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин парламенттеринин тармактык комитеттеринин башчыларынын отуруму өттү.

КР Жогорку Кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, отурумда эл аралык алакага байланышкан маселелер талкууланды.

Отурумга Жогорку Кеңештин атынан Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Жанарбек Акаев менен КМШ ПАА жана ЖККУ ПАдагы Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурбек Сатвалдиев катышты.

"Афганистандагы туруксуздук Кыргызстанга түздөн-түз коркунуч келтирет жана биз аталган өлкөдө тынчтыктын орношуна кызыкдарбыз. Кыргызстан менен Тажикстан терроризмдин жайылышына каршы күрөшүүдө ЖККУнун жооптуу аймагынын алдыңкы сабында турат. Андыктан бул жатта уюмдун потенциалын биргелешип чыңдоо зарыл”, - деп билдирди Жанарбек Акаев чөлкөмдөгү аскердик-саясий кырдаалдын абалы тууралуу баяндасында.

Ошондой эле отурумда ЖККУнун Тынчтыкты орнотуучу күчтөрүнүн 2022-жылдын январь айынын башында Казакстанда жүргүзгөн ишинин жыйынтыгы жана Уюмга мүчө мамлекеттердин тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгүн укуктук камсыздоону жакшыртуу багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий