• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Акбөкөн Таштанбеков парламентте ант берди

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12.01.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 12-январда, парламенттин жыйынында №30 Ысык-Ата округунан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган Акбөкөн Таштанбеков ант берди.

Эскерте кетсек, депутат Акбөкөн Таштанбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулган.

Буга чейин Акбөкөн Таштанбековго карата кылмыш иши козголгон. 2021-жылдын 6-декабрында БШК Таштанбековду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту (“Улуттар аралык жана аймактар аралык кастыкты козутуу”) боюнча Кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берген.

Ошол эле күнү депутат айыпталуучу катары алып келинип, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту ага тергөө мөөнөтү аяктаганча камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган.

Пикир

Оставить комментарий