• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат: Акимдер кызмат ордун сактап калууга кызыкдар эмес

Коом 0

Бишкек, 28.02.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев аймактык өнүгүү боюнча конференцияда, мыйзам түрүндө райондук акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүү боюнча өкмөттүн демилгесин колдоп чыкты.

Ал белгилегендей, бир да аким кызмат ордун сактап калууга кызыкдар эмес жана аны жоготсо да кейип койбойт.

"Учурда акимдер өздөрүнүн кызмат ордун сактап калууга кызыкдар эмес жана аны жоготсо да каршылык кылбайт. Мурункудай болбой калган - аларда эч кандай ыйгарым укук болбогондуктан алар өзүнүн району үчүн бул ишти аткармакмын деп чыгып, каршы болушпайт", - деди ал.

Буга байланыштуу, ал өкмөт башчынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ыйгарым укугун кеңейтүү боюнча сунушун колдоо жана алардын ишмердиги үчүн жоопкерчилигин арттыруу керектигин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий