• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат: Аксыда мектепте жыт чыгып, мугалимдер менен окуучулар эсин жоготуп койгон учурлар көбөйдү

Аймак 0

Бишкек. 18.04.19 /Кабар/. Аксы районундагы мектептин имаратынан кандайдыр бир жыт чыгып, мугалимдер менен окуучулар эсин жоготуп койгон учурлар көбөйдү. Бул тууралуу депутат Алмазбек Эргешов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Аксы районундагы Мамадали Парпиев атындагы орто мектептин имаратынын курулушу табигый кырсыктан улам 3 айдын ичинде шашылыш бүткөрүлгөн. Курулушта начар сапаттагы материалдар колдонулгандыктан, азыр анда кандайдыр бир жыт чыгып, балдар эсин жоготуп койгон учурлар бар. Жадагалса, ал имаратта гүл дагы өспөйт экен.

"Ата-энелер балдарыбызды бул имаратта окутпайбыз, биз үчүн алардын ден-соолугу кымбат дешүүдө", - деди депутат.

Өкмөт бул маселеге жакшылап көӊүл буруп, быйылкы жылдын капиталдык салымдар тизмесине киргизип, жаӊы окуу жылы башталганга чейин жаӊы имарат куруп бериши керек. Ансыз балдардын билим алуусу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн, - деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий