• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюу фактысы боюнча айыпталууда – сүрөт

Укук тартиби 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик агенттигинен (УКМК) билдиришти.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин мыйзамсыз байыгандыгы аныкталды.

Абжалиев ЖК депутаты болуп турганда экс-президент менен туугандык байланышты колдонуп мамлекеттик органдардын ишине активдүү катышкан. Ал жеке тараптардын кызыкчылыгын коргоп, мамлекетке зыян келтирген. Ошондой эле Абжалиев мамлекеттик кызматта иштеп жатып 20дан ашык элиталык батир, турак үйлөр, Бишкектеги VIP-шаарча, Ысык-Көлдөгү пансионат, Чүй менен Ысык-Көл облустарында жер тилкелери, Түркия жана БАЭде кыймылсыз мүлктөрдү сатып алган.

Алиярбек Абжалиев тарабынан Бишкектеги көп кабаттуу үйдүн курулушуна деп курулуш компаниялардын бирине, коммерциялык объектилердин (Кайыңды кабелдик заводу) курулушуна, ошондой эле таш көмүр жана алтын кендерине инвестиция жасалган.

Учурда тиешелүү юридикалык баа берүү үчүн кошумча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий