• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Депутат Аманкулов: Бишкек мэриясын «Түндүк электрге» акционер катары киргизүүнү карап көрүшү керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. Өкмөт Бишкек мэриясын «Түндүк электр» ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Марат Аманкулов Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэриясы муниципалдык мекемелерди электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн жыл сайын бюджеттен 84 млн сом төлөйт. Андан тышкары, мэрия өз каражатына жаңы электр көмөкчү чордондорун орнотуп, аларды "Түндүк электр" компаниясынын карамагына өткөрүп берет.

Ошого карабастан, мэрия муниципалдык мекемелер пайдаланган электр энергиясы үчүн ири каражат төлөөгө аргасыз болууда, – дейт депутат.

"Мисалы, Бишкек мэриясы "Түндүк электр" компаниясына баш-аягы 70 электр көмөкчү чордонун өткөрүп берген. Ал үчүн мэриянын бюджетинен ири каражат чыгымдады Демек, ал компаниянын өнүгүшүндө мэриянын дагы кандайдыр бир үлүшү бар. Өкмөт Бишкек мэриясын мамлекеттин үлүшү бар "Түндүк электр" ачык акционердик коомуна акционер катары киргизүү мүмкүнчүлүгүн карап көрүшү керек. Ошондо акыйкаттык орномок", - деди депутат Аманкулов.

Пикир

Оставить комментарий