• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат архивдерде сакталган материалдарды санариптештирүү демилгесин сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.12.20. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Жазык-процесстик кодексине, Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору каралып, биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Мыйзам долбоору мекемелик жана мамлекеттик архивдерге сакталуу үчүн келип түшкөн документтердин сакталуусун камсыз кылуу жана аларды мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн кайра пайдалануу журумун жакшыртуу максатында иштелип чыккан.

Ошондон улам, архивдик документтерди түзүү, каттоого алуу, сакталашын камсыз кылуу эрежелерин бузган жактарга 2 миӊ сомдон 20 миӊ сомго чейин айып салуу демилгеси сунушталууда. Ал эми архивдик документтерди жоготкондугу, бузгандыгы, мыйзамсыз жок кылган кызмат адамдарына 20 миӊ сом, юридикалык жактарга 50 миӊ айып салуу чаралары каралган.

Талкуу жүрүшүндө депутат Дастан Бекешев баардык архивдик материалдарды санариптештирүү зарылдыгын белгиледи. Ал эми депутат Алмазбек Токторов кагаз түрүндөгү документтерди пайдалануу ыӊгайсыздыгын эске алуу менен, мыйзам долбоорунда электрондук документ жүгүртүү механизмдерин киргизүү сунушун берди.

Пикир

Оставить комментарий