• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат Асел Кодуранова үй камагына алынды

Коом 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Асел Кодуранова үй камагына алынды. Мындай чечимди күн мурун Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

Депутат 2019-жылдын 9-декабрына чейин үй камагына алынды. Асел Кодуранова массалык башаламандыкты уюштурууга шектелүүдө

Эскерте кетсек, 7-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда күч түзүмдөрү менен мурдагы президенттин тарапташтары ортосунда кагылышуу болгон. Анын жыйынтыгында атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуп, 40тан ашык киши ар кандай жаракат алган.

Кийинки күнү, 8-августта кечинде Атамбаев кармалган. Биринчи май райондук соттун чечими менен ал УКМКнын тергөө абагына 26-августка чейин камакка алынган. Кийин Биринчи май райондук соту анын камактагы мөөнөтүн 26-октябрга чейин узарткан.

Кой-Таш айылында башаламандыктарды уюштуруу, атайын даярдыктагы бөлүктүн кызматкери каза болуусу жана бир катар жарандардын жаракаттарды алуу фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Пикир

Оставить комментарий