• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Асылбаева: MegaCom эмненин негизинде "КТ Мобайл" компаниясына 345 млн сом которушу керек?

Коом 0

Бишкек, 21.02.19 /Кабар/. "Альфа Телеком" (MegaCom) эмненин негизинде "КТ Мобайл" компаниясына 345 миллион которуп бериши керек? Эки компаниянын ортосундагы кызматташуу жөнүндөгү келишим тууралуу маселени депутат Гүлшат Асылбаева парламенттин жыйынында көтөрдү.

Анын айтымында, бул маселе көптөн бери талкууланып жүрөт. "КТ Мобайлдын" радиожыштыктарды пайдалануу үчүн лицензиясы бар экени тууралуу маалыматыбыз бар. Башка маалымат жок.

"Интернеттеги ачык булактарда MegaCom "КТ Мобайл" компаниясына кызматташтык тууралуу келишимдин негизинде 345 миллион сом төлөп бериши керек деген маалымат бар. Мага абдан кызык болуп атат, эмненин негизинде алар 345 миллион сом төлөшү керек? Эмнеге биз "КТ Мобайл" деген белгисиз байланыш компаниясын жандандырышыбыз керек?", - деди депутат.

Асылбаеванын пикиринде, MegaCom тийиштүү баага "КТ Мобайл" компаниясынын лицензиясын толугу менен өзүнө өткөрүп алса туура болмок.

"Бул маселени жакшылап изилдеп, 345 миллион сомду которууга шашылбай туруш керек", - дейт депутат.

Эске салсак, "Альфа Телеком" жабык акционердик коому 100% мамлекетке таандык.

Пикир

Оставить комментарий