• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Депутат Асылбаеванын "Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө" мыйзам долбоору боюнча билдирүүсү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты, “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Гүлшат Асылбаева аталган мыйзам долбооруна байланыштуу билдирүү жасады.

Депутаттын билдирүүсү:

“Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоорунда каралган ченемдер боюнча окурмандарга жана Кыргызстандын жарандарына анык маалымат берүүңүздөрдү өтүнөм.

Мыйзам долбоорунда интернет-провайдерлерден анын колдонуучуларынын маалыматтарын алты айга же каалаган убакытка сактоону талап кылуу каралган эмес. Мамлекеттик орган соттун чечими жок баракчаларды же веб-сайттарды жаап же токтото албайт.

Мыйзам долбоорунун концепциясын карап жатканда медиа эксперттерден сын-пикирлерди жана сунуштарды алдык жана аларды эске алганбыз.

Ошондой эле, ишкерлерге кошумча финансылык оорчулукту болтурбоо максатында интернет-провайдерлердин колдонуучулардын маалыматтарын сактоо милдеттенмелери жөнүндөгү берене алынып салынган. Колдонуучулардын ортосундагы бардык маселелер жарандык-укуктук мамилелердин алкагында гана жөнгө салынарын белгилегим келет. Жарандын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо боюнча чаралар соттун чечиминин негизинде гана жүргүзүлөт, ыйгарым укуктуу орган мындай укуктарга ээ эмес. Ошондой эле ар бир жаран сот органдарына жеке өзү арыз менен кайрыла алат жана эч ким сотко чейинки процесстин нормаларын, б.а. маселени тынчтык жолу менен жөнгө салууну жокко чыгарган жок. Мыйзамда кылмыш жоопкерчилиги, административдик жоопкерчилик жана айыппул салуу каралган эмес.

Аталган мыйзамдын 5-беренесине ылайык, колдонуучу өзүнүн аты-жөнүн жана электрондук дарегин гана жазып, башка эч нерсе талап кылынбайт.

КРнын Конституциясында ар бир адам өзүнүн ар-намысын жана кадыр-баркын, ишкердик беделин коргоого укуктуу деп айтылат. Бул мыйзам долбоорунун негизги концепциясы. Дагы бир жолу белгилей кетким келет, өз ой-пикирин билдирүү укугу бузулган жок, сөз эркиндигин чектөө жок, мыйзам долбоорунун максаты колдонуучулардын ортосундагы укуктук мамилелерди жөнгө салуу гана болуп саналат.

Урматтуу кыргызстандыктар, мен Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган жарандарга кайрылам. Келгиле коомду калыбына келтирүүгө кадам таштайлы, коомдо конструктивдүү диалогду түзүп, чындыкты айтуу менен бири-бирибизди мазактабайлы. Биз да конструктивдүү сынга макулбуз.

Адамдардын жашоо мейкиндигин коргой турган чараларды сунуштоодобуз. Ар кандай жалган маалыматтар адамдын жеке жана социалдык абалына олуттуу коркунуч алып келиши мүмкүн. Баарыңыздардан мыйзамды объективдүү баалоону жана аны колдоону суранам”.

Пикир

Оставить комментарий