• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: Маморгандарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, өздөрүнүн кызыкчылыгын ойлоп калды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Президент баардык жарандар мыйзам алдында бирдей, күнөөлүүлөр келтирилген зыяндын ордун толтурушу керек деп, коррупцияга каршы күрөштү артыкчылыктуу багыт катары жарыялады. Бирок, аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат. Бул тууралуу «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракциясынын башчысы Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын айтымына караганда, аткаминерлер эч кимден корпой, өздөрүнүн кызмат абалынан пайдалануу менен, пара алып жатышат.

«Кадрлар баарын чечет!» дейт, биздин мамлекеттик органдарда отурган кадрлар өлкөнүн эмес, жалаӊ өздөрүнүн жеке кызыкчылыгын ойлоп калды. Алар өздөрү жетектеген мекемелерди жеке компанияга же бизнес-аянтчага айландырып алышты. Депутаттар аткаминерлерге калктын кайрылуулары боюнча тапшырмаларды берсе, алардын аткара турган түрү жок», - деп билдирди эл өкүлү.

Төрөбаев мурдатан келаткан 10 пайыз өөнөмөй өнөкөтү жоголгон жок экендигин билдирди.

«Жакында транспорт министринин орун басары 520 миӊ доллар пара менен кармалды. Бул жолдун бир эле участкасынан алынган пара. Алар жол куруудан 1,5 пайыз насыя каражатты өөнөшөт экен. А, бизде канчалаган жолдор курулууда? Демек, алардан миллионлогон доллар каражаттар бирөөлөрдүн чөнтөгүнө кетип жатпайбы», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий