• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: “Бүгүнкү күндө авиакомпаниялар элге “кааласаң уч, кааласаң учпа” дегендей мамиле жасап калды”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 31.05.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-майда Жогорку Кеңештин “Ар кыл маселелер” саатында бир катар эл өкүлдөрү авиакомпанияларга сын-пикирлерин билдиришти,-деп кабарлайт ЖКнын басма сөз кызматы.

Депутат Марлен Маматалиев бүгүнкү күндө авикомпаниялар элге “кааласаң уч, кааласаң учпа” дегендей мамилеге өтүп алышкандыгын сынга алды. “Негизи тескерисинче болушу керек эле. Кардар кааласа учуп, каалабаса учпай коюшу керек эле. Ал эми авиа компаниялар эл бекер же карызга учуп жаткансып, өздөрү каалагандай иштерди жасап жатышат. Тармактык комитет аркылуу Транспорт жана жолдор министрлигине авиакомпаниялардын мындай жоруктары боюнча катуу маселе коюу керек”,- дейт депутат.

Депутат Гүлшат Асылбаева мындай теманы улап, “Эйр Кыргызстан” авиакомпаниясынын ишмердүүлүгүнө кеңири токтолду. Анын айтымында, бул компания өз мезгилинде ийгиликтүү иштеген. Бүгүнкү күндө болсо жетекчилиги алмашкандан бери компания социалдык фонд, камсыздандыруу компаниясына жана башкаларга карыз болуп, банкроттук абалга кептелген. Андыктан, бул компанияны Эсеп палатасы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жана башкалар тыкыр текшерүүгө алышы керек.

Аталган компаниянын ишиндеги кемчиликтерди буга чейин депутат Тазабек Икрамов дагы көтөрүп келген эле. Депутат бул ирет аталган компаниянын азыркы жетекчиси Бектурганов компаниянын бир учагын араб өлкөлөрүнө субижарага бергендиги жана башка мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча фактылар бар экенин айтып, тиешелүү министрлик мындай жетекчини кызматынан ала албай келе жатканын сындады.

“Чындыгында эле аэропорттордо тартип болбой калды. Жакында эле рейсти эч негизсиз 1,5 саатка кармады. Же рейстери учпаса, же баасы арзан болбосо, бул кандай?”,- дейт депутат Сайдулла Нышанов.

Пикир

Оставить комментарий