• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: Келгиле, реалдуу кадам жасап, стадион курууга жер бөлдүрүп берели

Спорт 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Келгиле, футболчуларыбызды колдоого реалдуу кадамдарды жасайлы. Стадион курууга жер бөлдүрүп берели. Бул тууралуу депутат Алмазбек Баатырбеков парламенттин жыйынында билдирди.

Баатырбеков дагы Кыргызстандын футбол курама командасы Азия Кубогунда ийгиликтүү оюн көрсөтүп, элге майрам тартуулаганына токтолду.

Депутат Кыргызстан Футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушкандыгын айтып, футболду өнүктүрүү үчүн Бишкек шаарынын тегерегинен футбол талаасы үчүн жер бөлдүрүү өтүнүчү айтылгандыгын маалымдады.

Ошону менен катар курама команданын машыктыруучусу А.Крестинин дагы футболду өнүктүрүү үчүн заманбап стадион керектигин айтып жатканын, ишкер Аскар Салымбеков дагы бийлик өкүлдөрүнөн жер сурап, стадион курууга ишкерлер өз салымдарын кошот эле деп журналисттерге маек кургандыгын баса белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий