• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Байбакпаев: Контрафакт пестициддер элдин өмүрүнө чоң коркунуч келтирет

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 05.04.19 /Кабар/. Контрабандалык жана контрафакттык пестициддерди мыйзамсыз жүгүртүү жарандарыбыздын өмүрүнө чоң коркунуч келтирет. Бул тууралуу депутат Экмат Байбакпаев билдирди.

Жогорку Кеӊеште “жашыл” экономикага өтүү боюнча коомдук кеңештин жана Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин демилгеси менен “Химиялык заттарды, калдыктарды, генномодифицирленген организмдерди жана жандуу жаратылыш объекттерин трансчекаралык которуштурууну жөнгө салуу” темасында парламенттик угуу өттү.

Коомдук кеӊештин башчысы депутат Экмат Байбакпаев парламенттик угуунун катышуучуларынын көӊүлүн азыркы ааламдашуу доору химиялык заттар менен калдыктарды, биологиялык жана генетикалык ресурстарды, ошондой эле адамдын өмүрүнө, ден соолугуна, курчап турган чөйрөгө, жандуу жаратылыш объекттерине коркунучтуу болгон генномодифицирленген организмдерди сатуунун жана колдонуунун кыйла өсүшүнө алып келгенине бурду.

«Эскирген, контрабандалык жана контрафакттык пестициддерди мыйзамсыз жүгүртүүдөн келип чыккан экологиялык көйгөйлөр жарандардын өмүрү менен ден соолугуна коркунуч түзүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, сапаттуу айыл чарба азыктарын сатууга, демек, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын фермерлеринин бакубаттыгына түздөн-түз таасир тийгизүүдө», - деди ал.

Депутат андан ары ЕАЭБдин ар башка өлкөлөрүндө химиялык заттардын, калдыктардын, ГМО, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн ж.б жүгүртүлүшүн жөнгө салган курчап турган чөйрөнү коргоо жаатындагы мыйзамдар жана эл аралык макулдашуулардын тизмектери олуттуу айырмалана тургандыктан ЕАЭБ ичинде, ошондой эле ЕАЭБ чек арасын кесип өтүүдө жөнгө салуу механизмдерин биргелешип иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий