• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат Бактыбек Турусбеков Босфорду сүзүп өттү

Коом 0

Бишкек, 22.07.19. /Кабар/. КР Жогорку Кеңешинин депутаты, “Бир Бол” фракциясынын мүчөсү Бактыбек Турусбеков Босфор суусун сүзүп өттү. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Түркиянын Стамбул шаарында жылына өтүүчү континент аралык сүзүүнүн 31-турнири өтүп, ага 59 өлкөдөн келген 2 миң 400 адам катышты. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн 10 суучул барган.

Турусбеков 55-60 жаш курак категориясында катышып, 85 катышуучунун ичинен тогузунчу болуп келген. Аралык 6,5 чакырымды түзгөг, ал эми убактысы – 1 саат 6 мүнөт.

Ведомстводон эскертишкендей, былтыр депутат Ысык-Көлдү сүзүп өткөн. Ал ошондо чеберчил суучулдарды атрка калтырып, маарага экинчи болуп келген. Сүзүү аралыгы 14 чакырымды түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий