• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Депутат: “Билим берүү системасы кризисте”

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Ар кыл маселелер” саатында көпчүлүк депутаттар билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү тизмектешти.

“Эгер керек болсо сөз улуттук коопсуздук жөнүндө сөз болуп жатат”,- деген депутат Наталья Никитенко билим берүү системасы кризистик абалга кептелгендигин айтып чыкты. Эл өкүлү мындай билдирүүсүн “Ар кыл маселелер” саатында 17 депутат билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү көтөрүп чыккандыгы менен байланыштырды. Эл өкүлү билим берүү системасындагы көйгөйлөр боюнча “Өкмөттүк күн” өткөрүүнү сунуш кылды.

Депутат Бакирдин Субанбеков Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылынын окуучулары, жаштары мектепте спорттук залдын жоктугунан эмне менен алек болорун билбей жүрүшкөндүгүн ортого салды. Ошону менен катар бул айылдагы жолдорго асфальт төшөлө баштап ошол бойдон туруп калган. Ал эми таза суу түтүктөрү ар кайсы жеринен тешилип, көрүнгөн жерден суу чыгып жатат.

Ички миграция агымынын күч алгандыгынан Чүй боорундагы айылдар менен Бишкек шаарында элдин саны көбөйүп, натыйжада мектептерде балдар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Мындай маселе менен чыккан депутат Төрөбай Зулпукаров: “Мектептерге кошумча корпустарды курбасак, билим сапаты түшүп кетиши толук мүмкүн”,- дейт.

Мындай көйгөйдү улаган депутат Элвира Сурабалдиева Чүй облусунун Москва районундагы Полтавка айылындагы Билим берүү министрлигинин балансында турган бала бакчаны айыл өкмөтүнө өткөрүү маселесин министрликтин алдына койду. Анын айтымында, билим берүү, илим министри бул маселени туура бир жыл мурун убада кылгандыгын, ошол бойдон аткарылбай келе жаткандыгын кошумчалады. Эл өкүлү аталган райондун Ак-Суу айылындагы мектеп шектүү курулуш подрядчынын азабынан бүтпөй келе жатканын, мектеп окуучулары коңшу айылдарга барып билим алып жатышканын коушмчалап, бул көйгөйгө көзөмөл жоктугун белгиледи.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кайырма айылында 2-кабаттуу типтүү бала бакчанын курулушу башталып, чатыры жабылган абалга жеткен. Бирок калган каражат бөлүнбөгөндүктөн, бала бакчанын курулушу туруп калган. Депутат Айбек Алтынбеков дагы курулушу башталган обьектилерди аягына чыгаруу маселесин койду.

Депутат Тариел Жоробеков “Жерүй” алтын кенинин бөлүнүүчү 100 млн доллардын эсебинен курулат деген Талас облусунун Ак-Сай, Көк-Токой деген айылдарындагы мектептер салынып баштап ошол бойдон токтоп тургандыгын Өкмөттүн астына койду. Ушундай эле көрүнүш Талас районундагы Балбал айылындагы 2015-жылы башталган мектепке дагы тийиштүү.

Алыскы Тогуз-Торо районундагы Сары-Булуң айылында курулуп башталып бүтпөй келе жаткан мектептин дубалы урай баштаган. Ал эми аталган райондун Дөдөмөл айылынын тургундары бала бакчага муктаж болуп турган чагы. Бул тууралуу маселе көтөргөн депутат Аида Касымалиева: “Өкмөт 70% курулушу бүткөн мектеп, бала бакчаларды бүтүрөбүз деген, эмне болуп жатканы белгисиз”,- дейт.

Мектептерди интернеттештирүү маселеси дагы аягына чыкпай келе жатканын депутат Данияр Аттокуров белгиледи. Мындан сырткары, эл өкүлү тоо-лыжа кластерлери боюнча КР Өкмөтүнүн кабыл алынган токтому аягына чейин аткарылбай жатканын кошумчалады.

Депутат Сагындык Келдибаев 1970-жылы курулган Ош облусунун Өзгөн районундагы Алга айылындагы мектеп 2012-жылы авариялык абалда деп табылганын маалымдап, 6 жылдан бери капиталдык курулуш беренеси менен курулуучу обьектилердин тизмесине киргизилбей келе жаткандыгын сынга алды.

Пикир

Оставить комментарий