• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат Бишкектеги Киев көчөсүнө Усубалиевдин атын берүүнү сунуштады

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Депутат Чыныбай Турсунбеков Бишкек шаарындагы Киев көчөсүнө мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин атын ыйгаруу керек экенин айтты. Мындай пикирин ал парламенттин жыйынында билдирди.

"Турдакун Усубалиев Кыргыз мамлекетин узак убакытка башкарган жетекчи катары тарыхта калган. Ал жетектеген учурда өлкө аймагында бир топ ири курулуштар ишке ашкан. Борбордук Ала-Тоо аянты, Тарых музейи, Жогорку Кеңештин имараты да Усубалиевдин аракети менен курулган. Кыргызстан ошол учурда Совет өлкөлөрүнүн ичинен мыкты экономикалык көрсөткүчкө жеткен", –деди Турсунбеков.

Андан тышкары депутат Нарын шаарындагы Ленин көчөсүнө да мамлекеттик ишмердин ысымын ыйгаруу керек экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, буга чейин Киев көчөсүнө улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун атын берүү сунушу айтылган.

Пикир

Оставить комментарий