• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Депутат Бишкектеги мамлекеттик органдар менен мекемелерди шаардын четине чыгарууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 06.12.18 /Кабар/. Депутат Кожобек Рыспаев Бишкектеги мамлекеттик органдар менен мекемелерди шаардын четине чыгарууну сунуштады. Мындай сунушун эл өкүлү Жогорку Кеӊештин жыйынында билдирди.

«Ордо калаадагы абал кыйын. Анын чок ортосунда көптөгөн мамлекеттик мекемелердин имараттары жайгашкан. Алардын ээлеген аянты да чоӊ. Ошондуктан, мамлекеттик органдар менен мекемелер шаардын чет-жакасына чыгарылса, Бишкек шаарынын борбордук бөлүгү бошоп, жагдай кыйла оӊолмок", – деди Рыспаев.

Бул маселени мурда деле көтөргөм, бирок өкмөт эмнегедир укмаксан болууда, деп кошумчалады депутат.

Пикир

Оставить комментарий