• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат: Биз айрым элчиликтерди жоюп, Кыргызстан карым-катнаш кылган өлкөлөрдөгү элчиликтердин курамын кеӊейтишибиз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Көп өлкөлөрдөгү Кыргызстандын элчиликтеринин эмне иш аткарып жатканы жөнүндө маалымат жок. Биздин байкашыбызча, бир катар элчиликтер иштеген деле жок. Аларды жоюп салса деле эч нерсе өзгөрбөйт. Биз Өкмөт менен бирге алардын отчетун угуп, тийешелүү чараларды көрүшүбүз керек. Жакында бул маселени "Республика – Ата-Журт" фракциясынын жакынкы жыйындарынын биринде карганы жатабыз. Бул тууралуу депутат Таабалды Тиллаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

"Биз айрым чет өлкөлөрдөгү иштебеген элчиликтерди жоюп, Кыргызстан ырааттуу жана жакындан карым-катнаш кылган Кытай, Орусия, Түркия сындуу өлкөлөрдөгү элчиликтердин курамын кеӊейтишибиз керек. Бир катар өлкөлөрдө жаны элчиликтерди ачса да болот. Анткени, көптөгөн элчиликтер республикалык бюджетке ашыкча жүк болуп калды. Ошондуктан, бюджетти дагы бир карап чыгалы. Өкмөт дагы бул маселе боюнча кескин чараларды көрөт деп ойлойм", - дейт депутат.

Пикир

Оставить комментарий