• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: Бажы менен Салык кызматы коррупцияланган мекемелердин башында турат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Бажы кызматы менен Салык кызматы өтө коррупцияланган мекемелердин башында турат. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеште өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө премьер-министрдин отчету угулуп жатканда ушундай собол салды.

Анын айтымында, бул эки кызмат өтө коррупцияланган мекемелердин башында турат. Алтургай, аларда көмүскө схемалардын көп экени Россияда да айтылууда. Өкмөттө коррупциялашкан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин жоопкерчиги каралды беле?

"Эгерде алардын жоопкерчилиги каралбаса, анда катуу чараларды көрүү керек. Коомчулуктун көзүн будамалоо үчүн эле 2-3 аткаминерди атап койдуӊар окшойт. Алардын аты-жөнүн так атап, кайсы күнөөсү үчүн кандай жоопкерчиликке тартылганы токтомдо толук камтылууга тийиш. Ансыз декларативдүү түрдө гана кабыл алынган документтердин бири болуп кала берет", - дейт Кенжебек Бокоев.

Депутат Кыргызстандын энергетика тармагында таркан чыгымдарын эске салды.

"Биз кардарларды издебей эле, баарын бир монополистке берип койдук. Ошондон улам, Казакстандан арзан күйүүчү майды импорттой албай, ашыкча чыгымга кириптер болуп отурабыз", - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий