• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат: Чет жактагы мекендештерибизге мигрант эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Россияда иштеген эмгек мигранттарынын акча которуу көлөмү кескин түшүп кетти. Быйыл өткөн 5 ай аралыгында 200 млн доллар каражат кем которулду.

Алардын акча которуусун 500 доллар, жанында алып келүүсүн 300 доллар менен чектеп коюшуптур. Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгондуктан, мындай чектөөлөрдүн коюлганы туура эмес. Өкмөт тезинен ушул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, мындай көйгөйдү чечиши керек. Бул тууралуу депутат Сагындык Келдибаев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Эмгек мигранттары чет өлкөлөрдө иштегени менен, Кыргызстандын өнүгүшүнө чоӊ салым кошуп жатышат. Алар жыл сайын бир жарым миллиард доллардан ашуун каражат которуп келет. Бул өлкөнүн экономикасынын өнүгүшү жана калк турмушунун жакшыруусу үчүн зор салым. Ошондуктан, чет өлкөлөрдө иштеп жана жашап жаткан мекендештерибизге мигрант катары эмес, инвестор катары мамиле жасашыбыз керек», - деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий