• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Д.Аттокуровдун жардамчысы эл өкүлүнүн кабыл алуусуна кире албаган Саруунун жашоочусу менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 5-апрель /Кабар/. Депутат Данияр Аттокуровдун (КСДП) жардамчысы бир нече айдан бери эл өкүлүнүн кабыл алуусуна кире албай келген Саруу айылынын 80 жаштагы жашоочусу менен жолукту.

Эскерте кетсек, мурда “Кабар” агенттигине Ысык-Көл облусунун Саруу айылынын 1937-жылы туулган Саясы Саламатов аттуу жашоочусу кайрылган. Ал мурда “Наристе инвест Банкка” берилген 12 баалуу казагын кайтаруу маселесин чечүүгө жардам суроо үчүн бир нече айдан бери депутат Д.Аттокуров менен жолуга албай жатканын билдирген.

“Кабар” агенттигинин сайтына маалымат жарыялангандан кийин эл өкүлүнүн жардамчысы С.Саламатов менен жолугуп, анын көйгөйлөрүн уккан.

“Көрсө анын купондору бар болчу экен, аларды 20 жыл мурда банкка бериптир. Биз Мамлекеттик финансы көзөмөлгө арыз жаздык. С.Саламатов жоопту күтөрүн айтты, эми депутат Д.Аттокуров менен жолугуунун зарылчыгы жок”,-деди депутаттын жардамчысы Аман Жумалиев.

Пикир

Оставить комментарий