• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Депутат: Дизелдик майдын дүӊ баасы 40 сом, бирок ал 45 сомдон сатылууда

Коом 0

Бишкек, 06.02.19 /Кабар/. Кыргызстанда күйүүчү май сатуучулар анын дүӊ баасына кошуп сатып жатат, муну Антимонополиялык агенттик көзөмөлдөбөй эле. Бул тууралуу депутат Эмил Токтошев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мисалы, дизелдик майдун дүӊ баасы 40 сом экенине карабастан, ал азыр 45 сомдон сатылууда", - деди депутат.

Анын маалыматы боюнча, Антимонополиялык агенттиктин башчысы конфиденциалдуу маалымат деген шылтоо менен күйүүчү майлардын дүӊ баасын жашырып отурат.

"Кандай жашыруундуулугу бар? Эмне үчүн мен билем, ал билбейт, билсе дагы айткысы жок?. "Демек, анын майды дүӊ баасында саткан компаниялар менен өз ара сүйлөшүп алганы көрүнүп турат", - деди Токтошев.

Пикир

Оставить комментарий