• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат ЕАЭБ өлкөлөрүндө орус маданиятын активдүү өнүктүрүүгө чакырды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 20-июнь /Кабар/. Россиянын Мамлекеттик Думасындагы эл аралык иштер боюнча комитеттин башчысы, депутат Леонид Слуцкий жакынкы чет өлкөлөрдө жана Евразия өлкөлөрүндө орус маданий экспансиясын активдүү өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Евразия мейкиндигиндеги маданияттар аралык диалогдо билдирди. Анын айтымында, дүйнөдө орус тилин үйрөнүү СССР кулагандан кийин басаңдап калган.

“Алсак, 1989-90-жылдары орус тилинде 350 миллион адам сүйлөсө, учурда ал сан 270 миллионго жеткен”,-деди Слуцкий.

Ал акыркы жылдары КМШ өлкөлөрүндө орус тилдүү жаңы ачылган мектептердин саны жокко эсе болуп жатканда, буга чейин иштеп келген орус мектептеринин массалык түрдө жабылып жатканын айтты.

“Түркмөнстанда бир эле орус тилдүү мектеп бар. Кыргызстанда Жалал-Абад жана Ошто орус тилдүү мектептер жабылып жатат. Биз бир нече жыл мурун Ошто орус тилинин борборун ачтык. Өткөн жылы Бишкекте Чехов атындагы мектепти курдук. Бирок бул өтө аздык кылып жатат. Жаңы бир мектеп ачылса, жүздөгөн мектептер жабылып жатат. Кризиске чейин 2013-жылы Украинанын чыгышында 650 орус тилдүү мектеп жабылган”,-деп билдирди.

Ошондой эле ал, чет жактагы мекендештер орус тилинде аз сүйлөп баратканына көңүл буруп, күнүмдүк турмушта орус маданиятынын экспансиясын активдүү өткөрүүгө чакырды.

Булак: ТАСС

Пикир

Оставить комментарий