• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев экс-президенттерди артыкчылыктардан ажыратууну сунуштады.

Депутат “Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуш кылды.

Ага ылайык, экс-президент жаңы шайланган президент кызматына киришкен учурдан тартып бир айдын ичинде өлкө башчынын мамлекеттик резиденциясынын аймагында жайгашкан кыймылсыз мүлк объекттерин пайдаланууну токтотот;

- экс-президент жеке каражаттарынын эсебинен мамлекеттик кайтарууну пайдаланууга укуктуу;
- экс-президентке карата соттун айыптоо өкүмү күчүнө кирген учурда, ушул статьяда каралган кепилдиктер токтотулат;
- коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө, президентти кошпогондо, убактылуу жашаган кызмат адамдарынын өздүк каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
- экс-президенттин тиричилик жактан камсыз кылууга жана транспорттук тейлөөгө болгон укугу күчүн жоготту деп табылсын;
- экс-президент Кыргызстандын аймагында өкмөттүн байланыш жана мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана уюмдардын карамагындагы байланыштын башка түрлөрүн акысыз пайдалануу укугуна жана байланыш кызматын кезексиз алуу укугу токтотулсун;
- экс-президент аэропорттор менен аэровокзалдардын, темир жол вокзалдарынын жана бекеттеринин расмий адамдар жана делегациялар үчүн арналган залдарынан акысыз пайдаланууга укуктуу.

Эске сала кетсек, өлкөдө расмий түрдө Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбеков экс-президент макамына ээ.

Пикир

Оставить комментарий