• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат электр энергиянын өчүү графигин түзүү керектигин айтты

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 18.01.23. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 18-январдагы жыйынында депутат Дастан Бекешев президенттин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, учурдагы электр жарыгынын үзгүлтүккө учурап жаткандыгы тууралуу кеп козгоду.

“Алмаз Акунжанович, Бишкекте жана аймактарда саат сайын электр энергияны өчүрүп баштады. Энергетиктер муну жөнгө салуучу чара деп коюшту. Чындыгында, бул маал-маалы менен өчүрүү. Бизде электр энергия жетишсиз, жабдыктар эски болуп жатканын түшүнүп жатам. Бирок, жок дегенде жарандарга электр энергиянын өчүү графигин түзүп, айтып койбойбу. Жарандар ошого даяр болушат эле”, - дейт эл өкүлү.

Эскерте кетсек, “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ишканасынын башкы директору Алтынбек Рысбеков электр энергиянын өчүшүн жөнгө салуучу чара экенин жана жабдууларды сактап калуу максатында мындай кадамга барып жатканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий