• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Депутат: Энергохолдингдин түзүлгөнүнө 3,5 жыл болду, оӊ натыйжалар байкала элек

Коом 0

Бишкек. 17.05.19 /Кабар/. Улуттук энергохолдинг компаниясынын түзүлгөнүнө 3,5 жыл болду, бирок ошондо берилген убадалар аткарылган жок, оӊ натыйжалар да байкала элек. Бул тууралуу депутат Жыргалбек Турускулов "Республика – Ата-Журт" фракциясында тоо-кен, энергетика тармактарынын азыркы абалы жана аларды өнүктүрүү жолдору боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

Анын пикиринде, ушу тапта өлкөнүн энергетика тармагынын карызы 100 млрд сомдон ашты. Энергокомпаниялардын жогортуусу 1,5 млрд кВт/саатка жетти же 2 млрд 100 млн сомду түздү.

Турускулов Улуттук энергохолдинг компаниясынын азыркы жылдык бюджети 74 млн сом көлөмүндө бекитилгенин, ал Энергетика министрлигинин тушунда 22 млн сом менен эле иштеп келгенин белгиледи.

"Ири өлчөмдө каражат каралып жатканына карабастан, жакшы натыйжа жок. «Электр станциялары» ишканасынын кирешеси былтыркыга салыштырмалуу 3 млрд 600 млн сомго азайды. Токтогул суу сактагычында былтыр 19 млрд куб/метр суу болсо, 15 млрд куб/метр гана суу топтолду. Демек, жагдай жакшы эмес", – деди Турускулов.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов быйыл жарды суу айлампасы башталганын, ал 3-5 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин билдирди.

"Ошондон улам, суу сактагычтарда суу кыйла азаят. Биз Токтогул суу сактагычында 13,6 млрд куб/метр суу топтолорун болжогонбуз, азыр анда 15 млрд куб/метр суу бар. Бирок, баары бир сунунун көлөмү былтыркыга жетпейт", - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий