• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Депутат ичимдиктерди Кыргызстандын улуу инсандарынын аты менен атабоону талап кылууда

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 10.01.18. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев Кыргызстандын улуу инсандарынын аты менен жана “Манас, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин каармандарынын ысымы менен алколголдук ичимдиктерди атабоону талап кылууда. Бул тууралуу эл өкүлү ЖК жыйынынын жүрүшүндө билдирди.

Өз кезегинде экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров президенттин аппаратында бул маселени карай турган комиссия түзүлгөндүгүн билдирди.

Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Алишер Мамбеткулов билдиргендей, көптөгөн аталыштар бренд болуп калган, ага байланыштуу мыйзам боюнча тыюу салына турган болсо компенсация төлөөгө туура келет.

“Себеби дегенде Кыргызстанда бир брендди 10 жыл колдонууга болот. Андан тышкары, “Кыргызстан” жана “Манас” коньяктары 1974-жылдан бери бар. Ошого байланыштуу мындай жагдай пайда болду”,-деп түшүндүрдү ал.

Пикир

Оставить комментарий