• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Депутат Икрамов: Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек

Коом 0

Бишкек, 24.01.19 /Кабар/. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестининди мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүш керек. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

Анын пикиринде, Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу өлкөбүздүн футбол боюнча курамы командасы Азия Кубогуна катышып, мыкты ийгиликке жетишти. Алар – биздин чыныгы сыймыгыбыз.

«Кыргызстанда спорттун көп түрлөрү өнүгүп жатат. Заманбап стадион куруу үчүн ордо калаанын чет-жакасынан жер бөлүнүп берилсе жакшы болор эле. Ошондой эле, Футбол академиясын салыктардан бошотуу зарыл. Мындай чаралар өлкөдө спорттун өнүгүшүнө түрткү берет», - деди депутат.

Эске салсак, Кыргызстан Бириккен Араб Эмиратында өтүп жаткан Азия Кубогуна алгач ирет катышты. Өз группасынан үчүнчү орун менен чыгып, 1/8 финалында Араб Эмиратына 2:3 эсеби менен утулуп калды.

Кыргызстандын курамасы Араб Эмираттарына каршы беттеште эсеп саны боюнча утулганы менен оюндун өзүнөн жеңишке жетишти. Муну социалдык тармактарда бир эле кыргызстандык эмес чет элдик күйөрмандардын жасаган билдирүүлөрү далилдеп турат.

Пикир

Оставить комментарий